КАБДОЛОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБДОЛОВ Зейнолла (12. 12. 1927, Атырау облусу, Макат району, Доссор – 2006, Казакстан) – жазуу­чу, адабият таануучу, филология илимдеринин доктору (1970), профессор (1972), Казак ИАнын академиги (1989), Казак эл жазуучусу (1994), Казакстан Республикасынын (1984) ж-а КРдин (1995) илимине эмгек сиңирген ишмер. 1950-жылы Казак мамлекеттик университетин бүтүрүп, 1950–62-жылдарда аталган окуу жайда ассистент, улук окутуучу, 1962-жылдан доцент, 1975–2001-жылдарда кафедра башчысы болуп иштеген. «Жылдыз» адабий журналынын редактору (1954–57), Ка­закстан КП БКда сектор башчысы (1957–59), «Казак адабияты» гезитинин башкы редактору, Казак­стан жазуучулар союзунун секретары (1959–61) болгон. Ал – «Жалын» (1970) романынын, «Ме­нин Ауэзовум» аттуу роман-эссенин (Казак мамлекеттик сыйлыгы, 1998), ошондой эле «Чеберчилик мектеби» (1964), «Сөз өнөрү» (1970, 2002) аттуу илимий эмгектердин автору.

Ад.: Зейнолла Кабдолов – устат, илимпоз, жазуучу. А.-А., 2002; Биобиблиографиялык көрсөткүч. А.-А., 2002.

А. Садыков.