КАБА ТЕМИР КЕНИ
КАБА ТЕМИР КЕНИ Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, Каба кыштагынан 30 км түндүк-чыгышта, Чаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш тармагында, деңиз деңгээлинен 1750–1950 м бийикте. Кен жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1944-жылы геологиялык издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын таш көмүр мезгилиндеги доломит, акиташ теги, эффузия тектери ж-а каледондогу гранит-диорит интрузиясы түзөт. Кенташ акиташ теги м-н гранитдиорит интрузиясынын кошулган жеринде дого сымал ичке тилкени пайда кылат. Мында скарн процесси жүрүп, тектоникалык терең жарака м-н тилмеленген. Жарака аркылуу көтөрүлгөн гидротерм эриндисинен магнетит, галенит, пирит, сфалерит ж. б. минералдар пайда болгон. Негизги кен – магнетит. Жогорку сапаттуу. Тилкенин узундугу 0,9 км, туурасы 50–200 м. Темирдин кондициялык өлчөмү 38,8%ке чейин. Кенташтын запасы 2,576 млн т, темир – 1,0 млн т.