КАБАК (Жети-Өгүз районун­дагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБАК – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районун­дагы кыштак. Жети-Өгүз айыл округуна караш­туу. Ысык-Көл өрөөнүндө, Жети-Өгүз суусунун төмөнкү агымынын чыгыш жээгинде, деңиз деңгээлинен 1655 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 25 км түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 210 км. Кыш­так 1929-жылы негизделген. Калкы 1344 (2022); не­гизинен мал м-н алектенип, тоют даярдашат. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар. Соода жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыш­такта Социалисттик Эмгектин Баатыры С. Эшенова туулган. Кыштактын аты кыргыздын кабак уруусу м-н байланыштуу.