КАБАК УРАН КЕНДЕР ТОБУ
КАБАК УРАН КЕНДЕР ТОБУ Нарын облусунун Жумгал районунда, Көк-Мойнок өрөөнүнүн түндүк капталында. Миң-Куш суусунун оң куймалары – Асык-Таш ж-а Чөп-Алачык сууларынын алабында, мындагы көмүр кендеринин чегинде, деңиз деңгээлинен 2000–3000 м бийикте жатат. 1947-жылы табылган. 1947–50-жылдарда чалгындалган. Кен аймагы карбон, юра, палеоген мезгилдериндеги катмарлардан турат. Буга Кашка-Суу, Туура-Кабак, Ак- Улак, Сасык-Таш кендери кирет. Уран кенташы юра мезгилиндеги Туура-Кабак свитасынын № 2, 3, 4, 5, 6 көмүр кабаттары м-н байланышкан. Ал көмүр кабаттарында ичке тилке, кабатча түрүндө кездешет. Кенташ чөкмө тибине, башкача айтканда көмүр-настуран формациясына кирет. Негизги минералдары: уран гуматтары, настуран, уран слюдасы, уран көөсү. Кенташтагы урандын орточо өлчөмү 0,14%. 1952-жылга карата кенташтын запасы 1932 миң т, уран – 2687,4 т.