КАБАК ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБАК ТООСУ Ички Теңир-Тоодо. Жумгал ж-а Миң-Куш (Муң-Куш) тектоникалык ойдуңдарын бөлүп турат. Жумгал районунун аймагында. Узундугу 40 км, эң жазы жери 16 км. Орточо бийиктиги 3400 м, эң бийик жери 4144 м (Кашка-Суу чокусу). Неги­зинен гранит-диорит ж-а гранит интрузия тек­теринен турат. Тоодон таш көмүр кени чыгат (Кара-Кече көмүр кени). Батышынын капталы тик, зоокалуу, куюлган кум-таштар жаз-күз мезгилдеринде жолду бөгөп, Көкөмерен суусуна чейин түшөт, чыгышы жапыздап ашууга өтөт. Талаа ж-а шалбаалуу талаа (2400–2500 м), ка­рагай-бадалдуу шалбаа (2800–2900 м), субальп ж-а альп шалбаасы ж-а сейрек бетегелүү талаа (3300–3500 м), андан жогору субнивалдык лан­дшафттуу. Түндүк-чыгыш капталында (Кара-Кече­нин ичинде) карагайлуу токой массивдери кез­дешет. Жайыт. Кабак суусунун нугуна жакын кен казып алуудан калган уулуу тектердин кал­дыктары жатат. Экологиялык кырдаалы кооптуу.

Ш. Качаганов.