КААЛОО
КААЛОО п с и х о л о г и я д а – белгилүү даражада баамдалган түшүнүк м-н мүнөздөлгөн кандайдыр бир кыймыл-аракетти жасоого умтулууну баштан өткөрүү. Ошол иштин жүзөгө ашырылышы каалоонун канааттандырылышы катары кабыл алынат. Каалоо көбүнчө бир нерсеге эмоциялуу умтулуу деген мааниде колдонулат. Бул мааниде алып караганда каалоонун эмоция, сезим, аффекттер м-н байланышы бар. Этика, социалдык психология каалоону социалдык нормалар ж-а баалуулуктар м-н шартталган нерсе катары карайт. Бул мааниде каалоо кандайдыр бир максатка, тилекке, идеалга жетүүнүн түрткүсү сыңары түшүндүрүлөт. Каалоо – адамдын жүрүм-турумуна ж-а иш-аракетине түрткү берүүчү психикалык абал. Ошондуктан каалоо психологияда иш-аракеттин объектисине кызыгуу (эмоциялык жак) же умтулуу (баалуулук жак) гана эмес, ошол иш-аракетти ишке ашырууну эңсөө катары да сыпатталат. Мында эңсөө адамдын эркинин (к. Эрк) көрүнүшү катары түшүндүрүлөт. Каалоонун өнүгүшү каалоонун предмети, аны канааттандыруу жолу ж-а шарты каалоонун өзүнүн туруктуулугу, узактыгы м-н аныкталат. Ушуга байланыштуу каалоо аткарыла турган, реалдуу эмес, карама-каршы, акыл-эске сыйбас, максаттык ж. б. болуп бөлүнөт. Каалоо кызыкчылык ж-а ишеним сыяктуу эле адамдын өз иш-аракетине аң-сезимдүү мамилесин билдирет.