ЙОШКАР-ОЛА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЙОШКА́Р-ОЛА́ (1919-жылы чейин Царёвококшайск, 1927-ж. чейин Краснококшайск) – Марий Эл Республикасынын борбору, шаар (1781-жылдан). Кичи Кокшага дарыясынын (Волганын сол куймасы) боюн-

да жайгашкан. Калкы 285,2 миң (2025). Темир жол бекети. Шаар 1584-жылы негизделген. 1708-жылы Пётр I реформа жүргүзгөндө Казан губерниясынын курамына кирген. 1781-жылдан уезддик шаар болгон. Республиканын илимий ж-а маданий борбору. Машина куруу (заводдору: жарым өткөргүч приборлор, муздаткыч жабдуулары, токой өнөр жайы үчүн аспап ж. б.), целлюлоза-кагаз, жыгаччылык, жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт.
Үч ЖОЖ (анын ичинде Марий университети), 4 театр (музыкалуу, драма, куурчак, орус драма), край таануу музейи ж. б. бар.