ЙОКОГАМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЙОКОГА́МА , И о к о х а м а – Япониядагы шаар, Хонсю аралында, Токиого жакын жайгаш­кан. Өлкөнүн алгачкы порту (жылына 120 млн т жүк ташылат). Канагава префектурасынын административдик борбору. Калкы 3,7 млн (2024); калкынын саны боюнча Токиодон кийинки 2-шаар. Метрополитен. Машина куруу (анын ичинде кеме куруу), металлургия, химия, атом, текстиль ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Төрт университет, тарыхый архив (1981) бар. Йокогама 1858-жылы балыкчылар посёлкасы катары пай­да болгон. Синтоизм ж-а христиан храмдары сакталган.