ЙЕМЕН
ЙЕ́МЕН (Аль-Йаман), Й е м е н Р е с п у б л и к а с ы (аль-Жумхурий аль-Йаманий) – Түштүк- Батыш Азиядагы мамлекет; Араб жарым аралынын түштүк-батышында. Батышынан Кызыл деңиз (андагы Баб-эль-Мандеб кысыгы Йеменди Африкадан бөлөт), түштүгүнөн Аден булуңу м-н чулганып, түндүгүнөн Сауд Арабиясы, чыгышынан Оман м-н чектешет. Йеменге ошондой эле Араб деңизиндеги Сокотра ж-а Эль-Ихван, Баб-эль-Мандеб кысыгындагы Перим, Кызыл деңиздеги Зубайр, Эль- Ханиш-эль-Кабир ж. б. аралдар да карайт. Аянты 528,1 миң км2; түндүк ж-а түндүк-чыгыш чек арасы чөл аркылуу өткөндүктөн, так аныкталган эмес. Калкы 34,9 млн (2024). Расмий тили – араб тили. Борбору – Сана шаары. Аден өлкөнүн экономикалык борбору статусуна ээ. Акча бирдиги – Йемен риалы. Административдик-аймактык жактан 20 мухафазага бөлүнөт, Сана шаары өзгөчө административдик бирдик болуп саналат.
Йемен – БУУнун (1947), Араб өлкөлөр лигасынын (1945), Ислам конференциясы уюмунун (1969), ЭВФтин (1969) мүчөсү. Мамлекеттик түзүлүшү. Йемен – унитардык мамлекет. Конституциясы 1991-ж. 16-майда
Администрациялык-аймактык бирдиги (2007) (таблица)
Администрациялык-аймактык бирдиги (2007)кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – президент (7 жылга шайланат). Президент вице-президентти ж-а премьер-министрди дайындайт. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – Өкүлдөр палатасы (Мажлис ан-нувваб), андагы 301 депутат жалпы эл тарабынан 6 жылга шайланат. Кеңеш берүү советинин (Мажлис аш-шура) 111 өкүлүн президент шайлайт. Аткаруу бийлиги президент м-н Министрлер кеңеши тарабынан ишке ашырылат. Өкмөттү премьер-министр башкарып, ал президент м-н кеңешип министрлерди дайындайт. Премьер-министр ж-а өкмөт жалпысынан президенттин ж-а Өкүлдөр палатасынын алдында жооптуу. Мыйзам чыгаруу шариатка негизделген. Сот системасы ислам, түрк, англис ж-а жергиликтүү уруулук укуктарга таянат. Бүгүнкү күнгө чейин Йеменде уруулар аралык мамилелер өкүм сүрүп, расмий бийлик м-н уруулардын ортосунда чыр-чатактар болуп турат.
Йеменге көп партиялуулук мүнөздүү. Негизги саясий партиялары: Элдик жалпы конгресс, Йемен реформаларды коргоо бирикмеси (Ислах), Йемен социалисттик партиясы ж.б.
Табияты. Кызыл деңиздин ж-а Аден булуңунун жээктеринде булуң-буйткалар аз, жапыз, айрым жерлеринде шуру (коралл) рифтери бар. Инди океанында Сокотра аралы, Кызыл деңизде жанартоодон ж-а кораллдан пайда болгон аралдар көп. Жээк түздүктөрүнүн эң ириси – Тихама (жазылыгы 50–70 км) чөлдүү, кум дөбөлөрү ж-а шор жерлер, айрым жерлеринде саздак лагуналар кездешет; кургак сайлар (вади) м-н жыш тилмеленген. Батышында ж-а борбордук аймактарында тоолор басымдуу; эң бийик жери Йемен

тоолорундагы Эн-Наби-Шаиб чокусу, 3660 м. Тоолордун түндүк капталдары барган сайын жапыздап Руб-эль-Хали чөлүнө өтөт, түштүк беттери деңиз жээгиндеги ойдуңдарды (эң жазы жери 50 км) карай тик түшөт. Чыгышын кенен түздүктөр ээлейт (бийиктиги 1000 мге чейин). Туз, нефть, газ ж. б. кендери бар. Климаты тропиктик, кургакчыл; деңиз жээгинде (Аденде) январдын орточо температурасы 25°С, июлдуку 32°С; жылдык жаан-чачыны 40 мм. Тоолуу бөлүгү салыштырмалуу салкыныраак келгендиктен, жаан-чачын 700 ммге чейин жаайт. Туруктуу аккан дарыясы жокко эсе, жылдын көп мезгилинде соолуп калат. Чөл ландшафты басымдуу; тоолорунда алтыгана, сейрек дарактуу саванна

кездешет. Деңиз жээгиндеги оазистерде курма ж-а кокос пальмасы өсөт. Калкы. Калкынын басымдуу бөлүгү арабдар; калгандарын индиялыктар, пакистандыктар, эфиопиялыктар, сомалиликтер ж-а еврейлер түзөт. Өлкөнүн чыгышын ж-а түндүк-чыгышын 100 миңге жакын көчмөн бедуиндер мекендейт. Йемендиктердин 750 миңге жакыны Араб жарым аралындагы башка өлкөлөрдө жашайт. Калкынын табигый өсүүсү 3,1%. Калкынын орточо жыштыгы: 41,4 адам/км2, эң жыш отурукташкан аймак – Хадрамаут мухафазасы 1113,3 миң), шаар провинцияларынын ичинен Аден шаары ж-а

анын айланасы (калкы 650,7 миң), эң сейрек жайгашканы өлкөнүн чыгышындагы – Махра (98 миң). Шаар калкы 26% (2005). Мамлекеттик дини – ислам. Конфессиялык белгилери боюнча калкы негизги эки топко бөлүнөт: зейдиттер сектасындагы шииттерге (түндүк батышындагы тоолуу аймактарда) ж-а шафиит багытындагы сунниттерге. Исмаилиттер бар. Ири шаарлары (2008): Сана

(калкы 1876,7 миң), Аден (649,9 миң), Таиз (522,6 миң), Ходейда (448,0 миң), Эль-Мукалла (198,7 миң).
Тарыхы. Йемен аймагында б. з. ч. 2–1-кылымдарда түштүк- араб цивилизациясы калыптанып, Хадрамаут, Катабан, Аусан, Саба, Маин мамлекеттери пайда болгон. Б. з. 4–6-кылымында аймакты Абиссиния королдугу ж-а Персия каратып алган. 7-кылымдан Йемен Араб мусулман халифатынын курамына кирип, өлкөгө ислам дини тараган. 16-кылымдын башында Осмон империясынын курамына кошулган. 1633-жылы өз алдынчалыкка ээ болгон. 1839-жылы Түштүк Йемен Улуу Британиянын бийлигине карап калган. Түндүк Йемен 1918-жылы Осмон империясына көз карандысыздыктан кутулуп, 1926-жылы имам башында турган Йемен королдугу аталган. Экинчи дүйнөлүк согушта Йемен бейтараптык саясат жүргүзгөн. 1962-жылы Йемен Араб республикасы түзүлгөн. Ал эми Түштүк Йемен 1967-жылы көз карандысыздыкка жетип, 1967-жылы көз каранды эмес Түштүк Йемен Эл Республикасы жарыяланган. Түштүк Йемен 1970-жылы Йемен Элдик Демократиялык Республикасы

деп аталып, советтик үлгүдө өнүккөн. Жыйырма жылга жакын убакыт бул эки мамлекеттин ортосунда айыгышкан күрөш жүргөн. 1990-жылы 21- майда эки өлкө биригип, Йемен Республикасы жарыяланган. 1991-жылы жаңы конституциясы кабыл алынганына карабастан, өлкөдө түндүк ж-а түштүккө бөлүнүү тенденциясы сакталып кала берген. 1994-жылы алардын ортосунда ири согуштук чыр-чатак чыгып, түндүктөгүлөрдүн жеңиши м-н аяктаган ж-а биримдик сакталып калган. 1999-жылы шайлоодо Али Абдалла Салех жеңишке жетишип, өлкөнүн президенти болуп калган. 2006-жылы сентябрда ал экинчи мөөнөткө кайрадан шайланган.
Экономикасы. Йемен – экономикасы начар өнүккөн, кедей өлкө. ИДПнин көлөмү 52,6 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 2400 доллардан туура келет. Чарбасынын негизин – нефть өндүрүү өнөр жайы түзөт. Сыртта, айрыкча Сауд Арабиясында иштегендерден түшкөн акчанын (1,3 млрд доллар; 2005) ж-а сырткы экономикалык жардамдын (252 млн доллар) мааниси зор. ИДПнин 46,7%ин тейлөө чөйрөсү, 40,9%ин өнөр жайы, 12,4%ин айыл чарбасы ж-а балыкчылык түзөт. Туз, нефть, темир кенташтары, асыл таштар казылып алынат. Йемендеги нефтинин запасы 4,5 млрд т; 2005-жылы 20,8 млн т нефть казылып алынып, аны экспорттоодон түшкөн киреше 2,1 млрдды түзгөн. Нефть казып алынуучу негизги региондору: Мариб, Шабва, Хадрамаут мухафазалары. Аден, Мариб ж. б. шаарларында нефть ажыратуучу заводдор иштейт. Табигый газдын запасы 452 млрд м3. Пахта тазалоочу, кийим тигүүчү, энергетика ж-а тамак-аш-татымал (анын ичинде тамеки, кофе тазалоочу ж. б.), дары-дармек, сигарета, курулуш материалдар, цемент өнөр жай ишканалары, кеме ремонттоочу завод (негизинен Аденде ж-а анын айланасында) бар. Үй-тиричилик буюмдарын, кездеме, булгаары-бут кийим, карапа ж-а зер буюмдарын, курал чыгаруучу майда кол өнөрчүлүк өндүрүштөрү иштейт. Оор өнөр жайынын жоктугу, транспорттук инфраструктуранын начар өнүгүшү, суунун жетишсиздиги Йемендин өнөр жай инфраструктурасынын өнүгүшүнө кыйла кедерги болот. Айыл чарбасы – өлкөнүн экономикасынын маанилүү тармагы. Өлкө өзүнүн азык-түлүккө болгон муктаждыгын камсыз кыла албагандыктан, анын көбүн сырттан сатып алат. Өлкөнүн аймагынын 1%тен азыраагы гана иштетүүгө ыңгайлуу. Дыйканчылыктын негизги аймагы – Йемен тоолорунун тектирленген капталдары. Айыл чарбасынын башкы тармагы – өсүмдүк өстүрүүчүлүк. Башкы экспорттук өсүмдүгү – кофе (жебель); ошондой эле курма ж-а кокос пальмасы, жүзүм, мөмө дарактары (анжир, шабдалы, манго, анар ж. б.), техникалык ж-а жыпар жыттуу өсүмдүктөр (кунжут, имбирь, пахта, тамеки) өстүрүлөт. Башкы айыл чарба өсүмдүктөрү: дурра, арпа, буудай, жүгөрү, буурчак, жашылча. Өлкөнүн түштүгүндөгү ж-а түштүк-чыгышындагы чөлдөрдө ж-а жарым чөлдөрдө оазистик дыйканчылык (дан эгиндери – таруу, ак жүгөрү, буудай, арпа), техникалык өсүмдүктөр (кунжут, пахта, кофе, тамеки), ошондой эле жашылча,

тропик мөмө-жемиштери, курма ж-а кокос пальмасы өстүрүлөт. Көчмөн мал чарбасы өнүккөн; 2003-жылы 1,4 млн бодо мал, 6,6 млн кой, 7,3 млн эчки, 0,3 млн төө болгон. Балык кармалат. Кургатылган ж-а туздалган балык экспортко чыгарылат. Бермет алынат. Деңиз промысели бар.
Тейлөө чөйрөсүндө Суэц каналына өтүп баратып, Аден портуна кирген чет өлкөлүк кемелерди тейлөөнүн (май куюу, ремонт ж. б.) маа-

ниси зор. Йеменде чет өлкөлүк туризм өнүгүүсү үчүн жетишерлик ресурстар (маданий-тарыхый эстеликтер, ыңгайлуу табигый-климаттык ресурстар) бар. Бирок, өлкө ичиндеги туруксуздук, инфраструктуранын начардыгы ж-а сервистин начарлыгы туристтердин келүүсүнө кедерги болууда. Борбордук банк, 11 коммерциялык банк, 2 адистештирилген мамлекеттик, 3 ислам банкы иштейт. Эң ири коммерциялык банкы – Араб банкы (ага бардык банк активинин 60%и таандык). Чекене ж-а дүң соода өнүккөн.
Темир жол жок. Автомобиль жолунун узундугу 71,3 миң км. Башкы деңиз порт – Аден, негизгилери – Ходейда, Моха, Салиф, Аль-Мукалла. 50 аэропорту бар; эң ири эл аралык аэропорту – Санада, калгандары – Аден, Сайяон, Таиз, Ходейда шаарында. Магистралдык куур транспортунун узундугу 1402 км, а. и. нефть куурунуку 1309 км, газ куурунуку 71 км, суюлтулган газдыкы 22 км. Экспортко негизинен нефть, кофе, кургатылган ж-а туздалган балык чыгарып, сырттан машина ж-а жабдуу, азык-түлүк, тирүү мал, химикат сатып алат. Негизги соода шериктери: Кытай, Индия, Таиланд, Сауд Арабиясы, Түштүк Корея, АКШ, Бириккен Араб Эмирликтери, Кувейт.
Маданияты. Йеменде билим берүү системасы өлкө көз карандысыздыкка жетишкенден кийин өнүгө баштаган. Билим берүү жөнүндөгү мыйзам 1992-жылы кабыл алынган. Балдар менен кыздар бөлөк окушат. Окуу 6дан 15 жашка чейин милдеттүү жана акысыз. Кесипчилик-техникалык билим берүү 2 жылдык кесиптик борборлордо жүргүзүлөт. Жогорку билимди 15 жогорку окуу жайы, анын ичинен 5 мамлекеттик университет берет. 15 жаштан жогорку курактагы калктын 54,1%и сабаттуу (2004). Илимий изилдөө университеттерде жүргүзүлөт. Китепканалар, улуттук музей, этнография, фольклор жана башка музейлер иштейт.
Йеменде 120дан ашык мезгилдүү басылма чыгат. Гезиттери араб («Ас-Саура», «Аль-Жумхурия» ж. б.); англис («Йемен таймс», «Йемен обсервер») тилдеринде чыгат. Радио уктуруу Түштүк Йеменде 1940-, Түндүк Йеменде 1946-жылдан иштейт. Телекөрсөтүү 1964-жылдан иштейт.
Адабияты XX кылымга чейин орто кылымдагы араб адабиятынын нугунда өнүккөн. Жаңы адабияттын жаралышы 1940-жылы аденде арабча «Фатат аль-Джазира» гезитинин чыгышына байланыштуу.
Катабан падышалыгынын борбору Тимнанын (биздин заманга чейинки IX–I кылымдар) таш чыңдоолору, дубалдарында жазуулары бар имараттардын калдыктары бар урандылары сакталган. Хадрамаутта биздин заманга чейинки V–IV кылымдардагы коргонуу үчүн таш дубал шаарлардын урандылары (Шабва) табылган, аскадагы күмбөздөрү менен көлмөлөр да сакталган. Падыша сарайларынан храм калдыктары сакталган. Йемен жергесинде биздин заманга чейинки V кылымдан биздин замандын I кылымында топурак, таштан салынган шаар имараттарынын калдыктары (төрт чарчы пландагы мунара, храм, турак үйлөр жана башкалар) жолугат. Биздин заманга чейинки I кылымда жасалган эллиндик мүнөздөгү статуялар, дубалга түшүрүлгөн коло рельефтер учурайт, ошондой эле коло, алтын асем буюмдар, жөнөкөй оймо-чийме менен кооздолгон чопо идиштер да табылган. Кээ бир шаарлары байыркы келбетин сактап, орто кылымдагы архитектураны элестетет. Йеменде мунаралуу үйлөр басымдуулук кылат. Азыркы кезде Йеменде өнөр жай ишканалары жана сугат тармактары жана жаңы шаарлар курулууда. Йемен элдеринин байыртадан келаткан салттуу музыкалык маданияты коңшу араб өлкөлөрүнүн маданияты менен жалпылыктарга ээ болгон өлкөнүн борбордук райондорунда сакталып калган. Музыкасынын айрым түрлөрүнүн өнүгүшүнө африка маданиятынын таасири тийген. Популярдуу жанры – «Сана музыкасы». Лирикалык жана саясий ырлардын лахжи стили алгач Аденде жаралып, 1980-жылдардан Йемен өлкөсүнө кеңири тараган. XX кылымдын ортосунда көрүнүктүү өкүлдөрү – ырчы-аткаруучулар: Мухаммад Жума хан Салих, Абдаллах аль Антари, Ахмад Фадль аль Лахжи. XX кылымдын аягында маданият ишмери, фольклорчу, этнограф Жамиль Ганим «Тахт Йамани» аттуу Йемендеги биринчи эл аспаптар ансамблин, музыка институтун (1973), Йемен Куралдуу күчтөрүнүн кыл аспаптар оркестрин негиздеген. Музыка институтунун базасында элдик бийлердин мамлекеттик ансамбли (1974) түзүлгөн. Йемен музыкасын өнүктүрүүгө М. Атраш, А. бен Гоудаль, А. Касем жана башка композиторлор салым кошушкан. 1970-жылдардан батыш тибиндеги поп-музыка кеңири жайылган.
Ад.: Страны и народы. Зарубежная Азия. Общий обзор. Юго-Западная Азия. М., 1979; Новейшая история арабских стран Азии. 1917–1985. М., 1988; Поляков К. И. Объединенный Йемен: эволюция идеологии и ислам. М., 2000; Деловой Йемен: экономика и связи с Россией. М., 2002; Йемен // Большая Российская энциклопедия. Т. 12. М., 2008.
Ө. Бараталиев, А. Кубатова.



.