ИШТВАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

И́ШТВАН I Ыйык (969–1038) – венгр князы (997- жылдан), Венгриянын алгачкы королу (1000 же 1001), венгр мамлекетинин негиздөөчүсү. Бор­бордошкон кубаттуу Венгр мамлекетин түзүүгө жетишкен. Өлкөдөгү уруулук бытырандылык­ты жоюп, ишпандар башкарган административдик-аймактык түзүлүштү (комитаттарды) түзгөн. 1030-жылы анын жетекчилиги м-н немистердин кол салуусу ток­тотулган. Венгрияда христиан (католик) дини мкабыл алынган (1038-жылы Иштван I ыйыктардын ка­тарына киргизилген).