ИШТАМБЕРДИ АЛТЫН КЕНИ
ИШТАМБЕРДИ АЛТЫН КЕНИ Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда, Чаткал кырка тоосунун түштүк капталында, Касан-Сайдын оң куймасы – Иштамберди суусунун төмөнкү агымында, деңиз деңгээлинен 2005–2450 м бийикте жайгашкан. 1934-жылы табылган. 1981–86-жылдарда геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы антиклиналдык бүктөлүшкө учураган, түндүк-чыгыш жагы гранодиорит интрузиясы м-н жирелген протерозойдогу мраморлордон, кварц-талаа шпатыбиотиттүү сланецтер ж-а амфиболдуу сланецтер м-н түзүлгөн. Кенташ гранодиорит интрузиясына жакын катмар аралык талкаланган зоналар ж-а ар түрдүү багыттагы жаракалардын кесилиштери м-н байланышкан. Кен магмадан кийинки гидротерм процессинен пайда болуп, тарам ж-а минералдашкан зона тибине, алтынсульфиддик формациясына кирет. Кенташтын негизги минералдары: пирит, арсенопирит, нукура алтын, антимонит ж. б. Кенташтагы алтындын орточо өлчөмү 7,49 г/т. Алтындын запасы 78,361 т.