ИШРАК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИШРАК (ар. сөзмө-сөз – жаркылдоо) – орто кылымдагы мусулман философиясында чындыкты материалдык дүйнө м-н байланышсыз карап, аны жанга «кубат берүү» аркылуу интуиция м-н түшүнүүнү туюндурган термин. Зороастризм м-н неоплатонизм идеяларынын аралашмасы болгон ишрак окуусу орто кылымдагы мусулман өлкөлөрүндө чыгышка гана мүнөздүү деп каралып, логикалык жол м-н ойлоого негизделген батыштын (аристотелдик) тааным теориясына карама-каршы коюлган. Ишрак дүйнө, анын бытиеси, кыймыл ж-а кооздук теңирдин эманациясы деген неоплатондук пикирди да колдойт. Ишрак философиясы толугу м-н орто кылымдагы Жакынкы Чыгыш ойчулу Шихаб ад-Дин Сухравардинин трактаттарында баяндалат (12-кылым).