ИШКЕРДИК
ИШКЕРДИК – рынок мамилелеринин өзгөчө атрибуту. Рынокко өтүү чарбалык ишкердиктин субъекттеринин ишкер демилгелеринин өсүшүн болжолдойт. Өнүккөн рынок ишкердиктин өнүгүшү үчүн жагымдуу шарт түзөт. Негизги түрлөрү: 1) өндүрүштүк; 2) коммерциялык; 3) финансылык. Өндүрүштүк ишкердик андан ары керектөөчүлөргө сатылуучу товарларды‚ жумуш‚ кызмат көрсөтүүнү‚ маалыматтык‚ рухий байлыкты өндүрүүчү өндүрүш фазасын ж-а керектөө фазасын камтыйт. Коммерциялык ишкердикте товар-акча‚ соода алмашуу операциялары ж-а бүтүмдөр чечүүчү мааниге ээ‚ башкача айтканда товарларды ж-а кызмат көрсөтүүнү соодалоо ишин жүргүзөт. Финансылык ишкердикте сатып алуу-сатуу объекти болуп өзгөчө товар – акча‚ валюта‚ баалуу кагаздар эсептелет. Ишкердиктин бардык эле түрүнө пландар ж-а программалар керек. Бизнес-план – бул бүтүмдөрдү ишке ашыруунун ж-а анын негизинде пайда табуунун план-программасы‚ башкача айтканда коюлган максаттарга жетүүгө багытталган пландуу иш-чаралардын‚ аракеттердин системасы.