ИШЕМИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИШЕМИ́Я (гр. ischo – кармайм, токтотом ж-а haima – кан) – органды же тканды кан м-н камсыз кылуучу артериянын ичкеришинен же бүтөлүп калышынан ошол жерге кандын жетишсиздиги. Ишемия киши коркуп кетип, артерия рефлекстик спазм болгондо, суук, оору, химиялык заттар, биологиялык дүүлүктүргүчтөр (бактериялар, токсиндер) таасир эткенде, артерия тромб же эмбол м-н бүтөлүп калганда (к. Тромбоз, Эмболия), артерияны сезгенүү процесси же шишик басып калганда болот. Ал жерде кычкылтек жетишсиз (гипоксия) болуп, функциясы бузулат, ооруйт. Артерия спазмында некроз болушу мүмкүн. Нерв системасы ж-а жүрөк булчуңу ишемияны өтө сезгич келет. Узакка чейин болгон катуу ишемия инфарктка дуушар кылат (к. Жүрөк ишемиясы).