ИЧ КЕЛТЕ
ИЧ КЕЛТЕ , п а р а т и ф – ичке ичегини сезгендирип, организмди жалпы ууландыруучу катуу кармама жугуштуу оору. Оору козгогучу – бактериялар. Алар сырткы чөйрөнүн түрдүү шартына ж-а жугушсуздандыруучу заттардын таасирине туруктуу. Сууда ж-а жер кыртышында 2 жума, жашылча-жемиштерде 10–15 күн, май м-н этте 1–3 айга чейин сакталат. Ысытканда, кайнатканда тез өлөт. Ич келте оорулуу же бактерия алып жүрүүчүлөрдүн заңы ж-а заарасы м-н сырткы чөйрөгө чыгат. Соо киши булганган тамак-ашты жегенде, булганган сууну ичкенде же ошол сууга түшкөндө, көпчүлүк учурда бактерия алып жүрүүчүнүн кир колу ж-а кээ бир үй буюмдары аркылуу жугат. Жылуу мезгилде чымын аркылуу да таралышы мүмкүн. Козгогуч ооз аркылуу ичке ичегиге кирип, анын былжыр челинде өсүп, көбөйүп, канга өтөт. Кан м-н бүт денеге тарап, организмди ууландырат. Андан кан тамырлар, өзгөчө нерв системасы жабыркайт. Оорунун жашыруун мезгили 3–21 (көбүнчө 10–14) күнгө созулат. Оору акырындык м-н башталат. Денеси шалдырап, алсызданат, уйкусу качып, тамакка табити тартпай, ишке жөндөмү төмөндөйт. Дене температурасы жогорулайт. Айрым оорулуулар оору башталганда эле эсинен танат, жөөлүйт. Териси кургап, кубарат. Оорулуунун ичи катат, кээде өтөт, 8– 9-күнү көкүрөк ж-а курсак терисинде майда кызыл тактар пайда болот. Ооруну ооруканада гана толук дарылоого болот. Ооруканадан айыгып чыккандан кийин врачтын кароосунда болуп, 2–3 айга чейин врачтын көрсөтүүсү м-н мүнөздөп тамактануу керек. Ооруну алдын алуу үчүн оорулууну ж-а бактерия алып жүрүүчүлөрдү өз убагында таап дарылоо, оорулуу жаткан бөлмөнү дезинфекциялоо, оорулуу м-н бирге болгондорду лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү ж-а 21 күнгө чейин медициналык байкоо жүргүзүү зарыл.