ИЧКИ ТРОПИКТИК КОНВЕРГЕНЦИЯ ЗОНАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЧКИ ТРОПИКТИК КОНВЕРГЕНЦИЯ ЗОНАСЫ – Түндүк ж-а Түштүк жарым шарларда пассат шамалдарынын (же пассат м-н муссондун) ко­шулган жери, зонасы. Ал экваторго жакын (жылдын басымдуу мезгилинде экватордон бир нече градус түндүктө) жайгашып, жай мезгили келгенде жарым шарды карай (жүздөгөн кмге) сезон боюнча оошот. Ички тропиктик конвергенция зонасынын жазылыгы, эк­ватордон алыс жайгашкан, кургактыкта жүздө­гөн кмге кеңейип, океан бетинде ондогон кмге чейин кууштайт. Анда абанын жогорку температу­расы, төмөнкү атмосфералык басым басымдуулук кылып, экватордук депрессияга жакын жайгашат. Ички тропиктик конвергенция зонасына сыдырым соккон шамал мүнөздүү, штиль болуп турат (жымжырт зона); айрым учурда абанын көтөрүлүү кыймылы, ошондой эле толкун сымал таралган куюндар калың булуттуу­лукту ж-а кара нөшөрдү пайда кылат. Тропик­тик циклондордун көбү ушул зонага жакын жаралат.