ИЧКИ САЯСАТ
ИЧКИ САЯСАТ – саясаттын субъектилеринин (таптар, социалдык катмарлар, улуттар, партиялар, коомдук кыймылдар, саясий лидерлер) ортосундагы мамилелердин чөйрөсү. Бийликти жеңип алуу, кармап калуу ж-а пайдалануу – ички саясаттын эң башкы маселеси. Ички саясат мамлекеттин экономикалык, саясий кубатына ж-а саясий лидердин харизмалык ж-а диний аброюна таянган бийлик структуралары аркылуу ишке ашырылат. Батыш өлкөлөрүндө ички саясатты улуттук саясат деп аташат. Ички саясаттын төмөндөгүдөй түрлөрү бар: социалдык, улуттук, маданий. Ички саясаттын негизинде тигил же бул принциптер (социалдык, адилеттүүлүк, этатизм, фундаментализм, эталитаризм) жатат. Ички саясий максаттарды ишке ашыруу тынчтык жолу м-н же зордук-зомбулук каражаттарын колдонуу м-н жүргүзүлүшү мүмкүн. Мамлекет бул учурда адатка ылайык, кеңири мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланат: экономикалык рычагдар ж-а жеңилдиктер; жаңы жумушчу орундарын түзүүгө ж-а адистерди кайра даярдоого каражаттарды бөлүү жолу м-н калкты иш м-н камсыз кылууну жөнгө салуу; пропагандалык ж-а репрессиялык каражаттар; паспорттук, визалык, бажылык режим ж. б. Ички саясат маселелерди чечүү методдору коомдогу саясий бийликке мамлекеттин монополиясы м-н шартталат.