ИЧКИ ПЛАНЕТАЛАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИЧКИ ПЛАНЕТАЛАР (inferior planets) – Жер тобундагы планеталардын Күнгө жакын турган 4 чоң планетасы: Меркурий, Чолпон, Жер, Марс. Меркурий м-н Чолпондун орбиталары жер орбитасынан кичине, алар кечинде же эртең м-н ар дайым Күндүн жанынан гана көрүнөт. Булар бир катар физикалык касиеттери боюнча бири бирине окшош келет. Ички планеталардын ичинен Чолпон м-н Жердин массалары бирдей. Меркурий м-н Марстын массалары Жер массасына жакын. Меркурий м-н Чолпондун табигый жандоочулары жок. Марстын жандоочулары Фобос ж-а Деймос. Меркурийдин бети өтө ысык, ошондуктан анда атмосфера жок.