ИЧКЕ ЧОПО КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЧКЕ ЧОПО КЕНИ Жалал-Абад облусунун Ток­тогул районунда, Токтогул шаарчасынан 9,3 км чыгышта, Нарын дарыясынын оң жээгинде, деңиз денгээлинен 940–1100 м бийиктикте жайгашкан. 1978– 80-жылдарда чалгындалган. Кен аянтынын геологиялык түзү­лүшүнө плиоцен ж-а төртүнчүлүк мезгилиндеги катмарлар катышат. Пайдалуу катмар болуп, плиоцен мезгилинде пайда болгон таш сыяк­туу, сууда эзилүүчү, калыңдыгы 295 мге жеткен чопо кабаты эсептелет. Чопо кыш өндүрүүгө жа­рамдуу. Запасы: А категориясы боюнча 137 миң м3, В-370 миң м3, С –747миң м3.