ИТ-ТИШ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИТ-ТИШ МӨҢГҮСҮ – Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 3,9 км, аянты 3,1 км2. Ысык-Көлдүн куймасы Жууку суусунун алабынан орун алган. Бети те­гиз келип, бир аз жантайыңкы. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4810м,этеги 3600 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3840 м. Абляциянын аян­ты 1,4 км2. Мөңгүдөн Жууку суусунун оң куй­масы – Ит-Тиш суусу башталат.