ИТ-АГАР 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИТ-АГАР – Токтогул районундагы суу, Чычкан суусунун оң куймасы. Талас Ала-Тоосунун түштүк-чыгыш капталынан Узун-Төр деген ат м-н башталып, Кичи Муз-Төр суусу кошулгандан кийин Ит-Агар аталып, Чычкан суусуна куят. Узундугу 28,5 км, алабынын аянты 201 км2. Жылдык орточо


Ит-Агар капчыгайы.

чыгымы 3,50 м3/сек. Суу бойлой бадал ж-а май­да жыгачтуу токой өсөт. Ири куймалары: Туюк- Төр, Кичи Муз-Төр, Сулуу-Төр (оң), Чырганак, Жер-Үй (сол).