ИТ-АГАР (Аксы районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИТ-АГАР – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыштак. Авлетим айыл округуна караштуу. Ит-Агар суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1160 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 22 км түндүк-чыгыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 80 км. Калкы 1214 (2022); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп, ФАП бар.