ИТО ХИРОБУМИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
И́ТО ХИРОБУ́МИ (14.10. 1841, Суо провинциясы азыркы Ямагути префектурасы), Токи кыштагы – 26. 10. 1909, Харбин) – япон мамлекеттик ишмери. Англияда деңиз окуу жайын бүтүргөн (1863). 1867-жылы өкмөттүн курамына кирип, 1878-жылдан Япониянын ички иштер министри, 1885– 88-, 1892–96-, 1898–1900-жылдарда премьер-министри болуп иштеген. Кытай ж-а Россияда маанилүү элчилик расымдарды жетектеген. Өлкөнүн 1889- жылдагы конституциясынын (Мэйдзи конституциясы) автору.