ИТЕЛЬМЕНДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИТЕЛЬМЕНДЕР , и т е л ь м е н ь, и т э н м ь и («жергиликтүү калк») – РФтин калкы. Камчатка жарым аралынын чыгышында (Коряк автоном округу, Тигиль району; 1179 киши) ж-а Магадан облусунда (509 киши) жашашат. Жалпы саны 3,2 миң киши (2002). Ительмен (камчадал тили), ошондой эле орус тилинде сүйлөшөт. Христиан дининин пра­вославие тармагын тутушат. 17-кылымдын аягында Камчатка жарым аралына орустар келген мезгилде алар­дын саны 13 миң болгон. Ительмендер ал жерге отурукташ­кан эл болуп, алгачкы коомдук түзүлүштө жа­шашкан. Алар аңчылык, балыкчылык ж-а жый­ноочулук м-н кесиптенишип, таш ж-а сөөктөн жасалган эмгек куралдарын колдонгон. Ительмендер жер төлө ж-а пирамида сымал чатырларда жашашып, аң терилеринен тигилген тон, шым, аялдары – курткасы м-н шымы бириктирилген кийим-көй­нөк кийишкен. 18-кылымдын ортосунда орустар м-н аралаша баштап, натыйжада ительмендер-камчадалдар пайда болгон. 20-кылымдын аягында ительмендер этностук өз алдынчалыкка ээ болуп, эне тили, маданияты, үрп­адат, салттары өнүгүп, калктын саны өскөн. Учурда ительмендердин көпчүлүгү мал чарбачылык, куру­луш ж-а өнөр жай тармактарында иштейт. Калктын 40%и шаарларда жашайт.

Ш. Керимова.