ИСХАКИЙА ТАРЫКАТЫ
ИСХАКИЙА ТАРЫКАТЫ, Ысхакийа тарыкаты – орто азиялык сопулардын (суфий) накшбандия-хожаган жамаатынын бир бутагы; 17–18-кылымдарда Чыгыш Түркстанда диний-теократиялык бийлик орнотуу үчүн күрөшкөн саясий топ. Мындай аталуу анын негиздөөчү 1389-жылы өлгөн бухаралык Бахауддин Накшбандинин («накш» – оймо, чийме; накшбанд – оймочу) атынан калган. «Хожаган» – кожонун көптүк түрү, башкача айтканда «кожолор» дегенди билдирет. Бахауддиндин атасы Мухаммед оймочу-зергер болгон. Бахауддиндин урпактарынын бири Махдум-и Азамдын (өз аты Ахмад ал-Касани, 1542-жылы өлгөн) жети уулу болуп, улуу уулу Эшен-и-Калан (Калам) деген ысым алган Мухаммед Амин кожо менен төртүнчү уулу Исхак Валинин өз-өзүнчө шакирттерди окуткан жана ушул экөө кийин карама-каршы эки диний агымдын негиздөөчүсү катары таанылып калган. Эшен-и-Каландын талапташтары «ак-тоолуктар» (кара: «Ышкиййа тарикаты»), ал эми Исхак Валинин жактоочулары «кара-тоолуктар» деп атакка ээ болушкан. Бул топ 17-кылымда өз ишмердигин Чыгыш Түркстанга жайылтууга жетишкен. Эки агымдын ортосундагы айыгышкан күрөш улам күчөп, Эшен-и-Каландын небереси Мухаммед Жусуп Кожонун уулу Аппак кожонун тушунда өз чегине жеткен. Алгач ойроттор (кара: Жуңгар хандыгы) менен катар накшбандия жамааты бийлик үчүн Жаркенттеги жергиликтүү башкаруучулардын ички иштерине кийлигишүүнү башташкан. Бул диний агымдардын саясий ишмердүүлүгүнө кыргыздар да жигердүү катышкан. Негизинен кашкарлыктар «ак тоолуктарды», ал эми Жаркент шаары «кара тоолуктарды» колдоп, Кашкарга хан болгон (1671–1682) Исмаил дагы «кара тоолуктар» тарабында болуп, ал «ак тоолуктардын» өкүлү Аппак кожону Чыгыш Түркстандан Тибетке качууга аргасыз кылган. Бирок, Галдан Бошокту хандын жардамы менен ал 1678-жылы кайрадан бийликке келген. Аппак кожо өлгөндөн кийин «кара тоолук» жана «ак тоолук» кожолордун бийлик талашуусу кайра күчөп, кезек-кезеги менен «ак тоолуктар» атанган кашкарлыктар да, «кара тоолук» Жаркент шаары да кыргыздардан жардам сурап турушкан. 1695-жылы Жаркенттин (Йарканд) тагына Чыңгыз хандын тукуму деп, казак султаны Эшимди чакыртышкан. Бирок ал Моголстанга сыйа албай, кожолорду жактоочуларынын кысымынын натыйжасында хандыктан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ушул жылдан тартып кара-тоолуктардын өкүлү Даниел-кожо Жаркентке, ал эми анын каршылашы Ахмад-кожо Кашкарды бийлеп калган, бирок көп өтпөй Кашкарды калмактар басып алган. 1713-жылы Даниел кожо туткундалып, Жуңгарияга жеткирилген, ал жерден 1720-жылы Цеван Рабдандын кийлигишүүсү менен бошотулгандан кийин ал калмактардын атынан өлгөнгө чейин (1735) Чыгыш Түркстандагы алты шаарды башкарган жана андан төрт уул калып, ордун улуу уулу Жахан кожо ээлеген. Ошону менен Цин империясы Чыгыш Түркстанды басып алганга чейин бийликте каратоолуктар болгон. 1755-жылы Цин өкмөтүнүн көмөгү менен бийликке Бурхан ад-Дин башында турган ак тоолук кожолор келип, кыргыздардын башчысы Кубат бийдин колдоосу аркылуу кара тоолуктарды бийликтен биротоло четтеткен.
Ад.: Думан Л. И. Аграрная политика цинского (манчжурского) правительства в Синьцзяне в конце XVIII века. М.-Л., 1936; Кузнецов В. С. Империя Цин и Мусулмаский мир. Новосибрск, 1990; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2003.
Т. Асанов.