ИСФАНА 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСФАНА – Баткен облусунун Лейлек районундагы суу. Түркстан кырка тоосунун түндүк тармагы – Алтын-Бешик тоосунун түндүк капталынан баш­талат. Узундугу 335 км, алабынын аянты 330 км2. Бийик тоолуу капчыгайдан Түз-Жайлоо өрөөнүнө чыкканда, жерге сиңип кетип, Исфана – Кара- Булак өрөөнүндө кайра чыгат да, ага Тегирме­лик суусу кошулат. Төмөнкү агымында Кара-Суу ж-а Андарсай деп да аталат. Суусунун көбү жер­ге сиңип кеткендиктен, жылдык орточо чыгымы өтө аз (0,2–0,5 м3/сек). Негизинен кар, жаан-ча­чын ж-а булак сууларынан куралат. Эң чоң чыгымы май – июнь, эң азы февраль – март айларында байкалат. Исфанадан сугат каналдары башталат. Боюнда Раззаков шаары ж-а кыштактар жайгашкан.