ИСРАИЛОВ
ИСРАИЛОВ Мукаш (17. 8. 1942-жылы туулган‚ Нарын району‚ Миң-Булак айылы) – экономист, экономика илимдеринин доктору (1998)‚ КРдин эмгек сиңирген экономисти (2007). Бухгалтериялык эсеп боюнча адис. Фрунзедеги финансы-экономикалык техникумду (1960)‚ КМУну (1965)‚ Москва экономика-статистика институтунун аспирантурасын (1970) бүткөн. Фрунзедеги ун комбинатында бухгалтер (1960–65)‚ Кыргыз CCР даярдоо министрлигинде экономист (1965)‚ КМУда окутуучу‚ доцент (1965–76)‚ КАЧИде кафедра башчысы (1976–79)‚ Кыргыз айыл чарба министрлигинде мал чарба ж-а жайыт ИИИде бөлүм башчы‚ директордун орун басары (1980–87), КААда кафедра башчысы‚ декан‚ профессор (1990–99)‚ КУУда профессор (2000–04), 2004-жылдан КРСУда кафедра башчысы. 40тан ашуун илимий эмгеги‚ анын ичинде 5 монографиясы жарык көргөн. Медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Проблемы аграрной реформы: управленческоинформационные аспекты. Б.‚ 1997; Cовременные проблемы аграрной реформы (авторлош). Б.‚ 1999; Проблемы развития бухгалтерского учёта и аудита в Кыргызстане. Б., 2003.