ИСПАН ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСПАН ТИЛИ – испандардын жана Латын Аме­рикасындагы көпчүлүк элдердин тили. Испания Королдугунун (анын ичинде Түндүк Африкадагы Сеута жана Мелилья анклавдарынын), Түштүк Америка­да Гватемала, Гондурас, Коста-Рика, Никара­гуа, Панама, Сальвадордун расмий, Аргентина, Венесуэла, Колумбия, Парагвай, Перу, Боливия, Уругвай, Чили, Эквадордун тең расмий тили (жергиликтүү тилдер менен катар). БУУнун расмий жана жумушчу тилдеринин бири. Испан тили роман тил то­буна кирет. Испания аймагы эки негизги диа­лектилик ареалга бөлүнөт: түндүк (кастилия, ара­гон-каварра жана башка диалектилер) жана түштүк (анда­лус, канар жана башка диалектилер). Испан адабий тили кастилия диалектисинин негизинде түзүл­гөн. Грамматикалык түзүлүшү боюнча жөнөкөйүрөөк: зат жана сын атоочтор жөндөлбөйт, сөз ирети фран­цуз тилине караганда эркин келет. Башка ро­ман тилдериндегидей эле испан тилинде этиштин фор­малары да бар. Испан графикасы латын алфа­витинин негизинде. Жазуусунда тыбыштык принцип алынган.