ИСПАНИЯ-АМЕРИКА СОГУШУ
ИСПАНИЯ-АМЕРИКА СОГУШУ (1898) – Испаниянын Вест-Индия (Куба аралдары, Пуэрто-Рико) ж-а Филиппиндеги колониялык ээликтерин басып алуу максатында жүргүзгөн АКШнын согуштук агрессиясы. Кубада ж-а Филиппинде испан баскынчылыгына каршы чыккан көтөрүлүштөн пайдаланып, АКШ өкмөтү Испанияга доомат коюп, Кубадан испан аскерлерин алып кетүүнү талап кылган. Испания бул талапты аткаруудан баш тарткан күнү (1898, 21-апрель) АКШ Испанияга каршы согуш ачкан. АКШ Куба ж-а Филиппин аралында согуш жүргүзгөн. Согушта америкалык флот испан флотун талкалаган. 1898-жылы 10-декабрдагы Париж тынчтык келишими боюнча Куба, Пуэрто-Рико, Гуам ж-а Филиппин АКШга өткөн. Испания-Америка согушунан улам АКШ келечектеги баскынчылык саясаты үчүн стратегиялык маанидеги аймактарга ээ болгон.