ИСМАИЛОВ Татен

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСМАИЛОВ Татен (1929-жылы туулган, Казак ССРи, Чымкент облусу, Борисов кыштагы – 1976, Кыргыз ССРи, Ош облусу, Кара-Суу району, Баш-Булак айылы) – мал­чы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Эмгек жолун Ош облусунун Кара-Суу районундагы

«Катта-Талдык» асыл тукум кой өстүрүү заводунда жумуш­чу болуп иштөөдөн башта­ган. 1947-жылдан баш ча­бан. Кой чарбасын өнүк­түрүүдө чоң ийгиликтерге жетишип, 1965-жылы 670 тубар койдун ар жүзүнөн 133төн козу, ар койдон 4 кгдан жүн кыркып алган. Эки Ленин ордени м-н сыйланган.