ИСКАКОВ Издевалды
ИСКАКОВ Издевалды (5. 5. 1948-жылы туулган, Ысык- Көл облусу, Жети-Өгүз району, Саруу айылы) – экономист, профессор (2006), экономика илимдеринин доктору (2010). Ленинград университетинин экономика факультетин бүтүрүп (1973), Пржевальск пединститутунда мугалим, кафедра башчысы, ошол эле учурда институтта партбюронун секретары (1980–88), БГУда доцент, окуу-тарбия иштери боюнча проректор (1989– 95), КУУда окутуучу (1995), 1999-жылдан мамлекеттик ж-а муниципалдык башкаруу кафедрасынын жетекчиси. Анын илимий-изилдөө багыты Кыргызстандагы өз алдынча башкаруу (МСУ) системасынын экономика ж-а финансы маселелеринин түптөлүшүнө ж-а башкаруу процесстерин өнүктүрүүгө арналган.
Эмг.: Система корпоративного управления в Кыргызской Республике. Б., 2004; Экономические и финансовые основы местного самоуправления в Кыргызской Республике. Б., 2006; Экономика местного самоуправления (теория, методология, практика). Б., 2008.