ИСАКЕЕВ (Кочкор районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАКЕЕВ (мурдагы Большевик), Ү к ө к – На­рын облусунун Кочкор районундагы кыштак. Кочкор айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1810 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Коч­кор кыштагынан 7 км түштүк тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 67 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 1880 (2022); негизинен мал ж-а дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ки­тепкана бар. Мончо, медпункт иштейт. Ушул кыштакта туулган коомдук ишмер Б. Д. Иса­кеевдин ысмы ыйгарылган.