ИСАЕВ Шарше

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАЕВ Шарше [1938-жылы туулган, Нарын облусу, Тянь-Шань (азыркы Нарын) району, Жаңы-Талап айы­лы] – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Эмгек

жолун Нарын облусунун Тянь- Шань районундагы «Жаңы-Та­лап» колхозунда койчу, баш

чабан болуп иштеп, кой чар­басын өнүктүрүүдө ж-а анын кунардуулугун арттырууда жогорку көрсөткүчтөргө же­тишип, 1965-жылы ар жүз тубар койдон 125тен козу, ар кой­дон 3,2 кгдан жүн кыркып алган. Ленин ордени м-н сыйланган.