ИСАЕВ Кусейин

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАЕВ Кусейин (24. 04. 1937, СССР, Кыргыз ССРи, Ысык-Көл району, Бостери айылы – 31. 03. 2023, Бишкек шаары) – социо­лог, экономика илимдеринин кандидаты (1967), фило­софия илимдеринин доктору (1983). Кыргыз Республикасынын билим бе­рүүгө эмгек сиңирген кызматкери (2006). 1961-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн. 1961–1962-жылдарда ошол эле жерде окутуучу, улук окутуучу, 1964–1967-жылдары Москва шаарындагы СССР Илимдер академиясынын Экономика институнун аспиранты, 1969–1987-жылдарда Фрунзе шаарындагы Полтехникалык институтта илимий коммунизм кафедрасынын башчысы, 1987–1994-жылдары ошол эле жерде профессор, 1994–1999-жылдары Бишкек шаарынын Гуманитардык университетинде декан, 1999–2002-жылдарда Орто Азиядагы Америка университетинде профессор, 2002-жылдан Кыргыз-Түрк «Манас» ун­иверситетинде профессор. 20дан ашык илимий эмгектин, 250гө жа­кын илимий макалалардын автору. Илимий-изилдөөлөрү кыр­гыз коомунун социалдык маселелерине арналган. КРдин социологдор коомунун төрагасы (1991), эл аралык социологдор ассоциациясынын мүчөсү (1998), Түрк дүйнөсүнүн социология ынтымакташ­тыгынын вице-президенти (2003). «Ардак Белги­си» ордени менен сыйланган.

Эмг.: Бүгүнкү мээнет, эртеңки дөөлөт. Б., 1999; Моя свобода – моя гордость. Б., 2001; Народона­селение: качество жизни и здоровье. Б., 2003; 2005- жыл – Кыргызстандын кайра жаңылануусунун башаты. Б., 2005.