ИСАЕВ Карагул

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАЕВ Карагул (12. 03. 1934-жылы туулган, Түп району, Ак-Булуң кыштагы) – тоо өткөөлчүсү, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976). Кыргыз ССР геологиялык баш­кармасынын чарба цехинде жумушчу (1949–64), Сары-Жаз экспедициясында өткөөлчү (1949–64), 1966–88-жылдарда өткөөлчүлөрдүн бригадири болуп иш­теген. Кыргызстанда ачылган Сары-Жаз калай ке­нин чалгындоо ишине кыйла эмгек сиңирген.