ИСАЕВА Клара Асангазиевна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАЕВА Клара Асангазиевна (16. 05. 1960, СССР, Кыргыз ССРи, Пржевальск шаары) – юридика илимдеринин доктору (2002). Милициянын полковниги (1980). СССР Ички Иштер министрлигинин Волгоград шаарындагы жогорку мектебин (1986), Россия Федерациясынын Ички Иштер министрлигинин академиясын (1996) бүткөн. 1980–2003-жылдарда ички иштер органдарында иште­ген. Кыргыз Мамлекеттик юридика академиясында де­кан, окуу-инспекция башкармалыгынын (2003–2006), саясий билим берүү башкармалыгынын (2006–2008) начальниги, Кыргыз Улуттук университетинде окуу-методикалык иштер боюнча проректор (2006–2008), 2008-жылдан Кыргыз-Орус Славян университетинин юридика факультетинде жана КУУнун юриди­ка институтунда профессор. Кылмыш жана кылмыш-про­цессуалдык кодекстеринин долбоорлорун иштеп чыгууга катышкан. 1998–2001-жылдарда Кыргыз Республикасында БириккенУлуттар уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүү про­блемалары боюнча укук коргоо органдары менен бир­дикте социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун (ЕККУ) «Аялдарга жана балдарга карата зомбулукту болтурбоо» ж. б. эл аралык долбоорлоруна ка­тышкан. Кыргыз улуттук аттестациялоо комис­сиясынын эксперттик кеңешинин төрагасынын орун басары жана юриспруденция боюнча эксперт­тик комиссиянын мүчөсү (2009). Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги (1994). Ок атуу боюнча спорт чебери (1998). 50дөй илимий эмгектин (анын ичинде 2 моно­графия) автору.

Эмг.: Проблемы криминалистического обеспечения преступлений в сфере экономической деятельности. Б., 2002.