ИСАЕВА
ИСАЕВА Клара Асангазиевна (16. 5. 1960-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары) – юридика илимдеринин доктору (2002). Милициянын полковниги (1980). СССР ИИМдин Волгоград жогорку мектебин (1986), РФ ИИМ академиясын (1996) бүткөн. 1980–2003-жылдарда ички иштер органдарында иштеген. Кыргыз мамлекеттик юридика академиясында декан, окуу-инспекция башкармалыгынын (2003–06), саясий билим берүү башкармалыгынын (2006–08) начальниги, КУУда окуу-методикалык иштер боюнча проректор (2006–08), 2008-жылдан КРСУнун юридика факультетинде ж-а КУУнун юридика институтунда профессор. Кылмыш ж-а кылмыш-процессуалдык кодекстеринин долбоорлорун иштеп чыгууга катышкан. 1998–2001-жылдарда ПРООНдун КРде уюшулган кылмыштуулук м-н күрөшүү проблемалары боюнча укук коргоо органдары м-н бирдикте социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө ОБСЕнин «Аялдарга жана балдарга карата зомбулукту болтурбоо» ж. б. эл аралык долбоорлоруна катышкан. Кыргыз улуттук аттестациялоо комиссиясынын эксперттик кеңешинин төрагасынын орун басары ж-а юриспруденция боюнча эксперттик комиссиянын мүчөсү (2009). КРдин билим берүүсүнүн отличниги (1994). Ок атуу боюнча спорт чебери (1998). 50дөй илимий эмгектин (анын ичинде 2 монография) автору.
Эмг.: Проблемы криминалистического обеспечения преступлений в сфере экономической деятельности. Б., 2002.