ИРОКЕЗДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРОКЕЗДЕР , и р э к у о й, и р о к у а – 1) АКШ (Нью-Йорк ж-а Оклахома штаттары) ж-а Кана­дада (Онтарио ж-а Квебек провинциялары) жа­шаган индей элдеринин тобу; 2) Ирокездер (өздөрүн ходеносауни деп аташат) – АКШ (Нью-Йорк ж-а Оклахома штаттары) ж-а Канадада (Онта­рио ж-а Квебек провинциялары) жашаган ин­дей урууларынын тобу. Жалпы саны АКШда 353, 8 миң (2000), ал эми Канадада 49,7 миң киши (2000). Ирокез, ошондой эле англис тилинде сүй­лөшөт. Ирокездер христиан (протестанттар, католик­тер) динин тутканы м-н көпчүлүгү табигат күчтө­рүнө сыйынышат. Алар дыйканчылык ж-а аң­чылык м-н кесиптенишкен. Байыркы убакта энелик-уруулук коомдук түзүлүштө жашашкан. 15–16-кылымдарда ирокездер уруулары (сенека, каюга, онон­дага, онейда, могауки) союзу түзүлгөн. Союз Ев­ропа мамлекеттеринин Түндүк Америкага үстөмдүк орнотуу үчүн жүргүзгөн колониялык согушта­рында (17–18-кылымдар) зор роль ойногон. 18-кылымдын аягында союз АКШ аскерлери тарабынан тал-

Ирокездердин уруу башчысы

.

каланып, ирокездер АКШ ж-а Канадага резервация­ларга көчүрүлгөн. Учурда ирокездер айыл чарба, курулуш ж-а өнөр жайда иштешет. Ирокездерде аял­дар бийик статуска ээ, туу­гандашуу энелик тарап б-ча аныкталат. 1971-ж. Канадада ирокездер ассоциация­сы түзүлгөн.

Ш. Керимова.