ИРЛАНДИЯ (арал)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИРЛА́НДИЯ – Британ архипелагындагы арал. Аянты 84 миң км2. Атлантика океаны м-н чулганат, Улуу Британия аралынан Ирланд деңизи, Түндүк ж-а Ыйык Георг кысыктары аркылуу бөлүнөт. Аралдын борбордук бөлүгүн түздүк, чет жакаларын тоолор (бийиктиги 1041 мге чейин), түндүк-чыгышын Антрим платосу ээлейт. Негизги дарыясы – Шаннон. Көлү көп. Шалбаа, верещатниктер мүнөздүү. Аймагынын көп бөлүгүндө Ирландия мамлекети, түндүк-чыгышында Улуу Британиянын бир бөлүгү – Түндүк Ирландия (Ольстер) жайгашкан. Ири шаарлары: Дублин, Белерась.