ИРЛАНДДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРЛАНДДАР , э р и н н а х, а й р и ш – улут, Ирландиянын негизги калкы. Саны 3,7 млндон ашык, анын ичинде 3,5 млн киши Ирландияда, 47 миңи Түштүк Ирландияда, 5,6 миңи Шотландияда, 109 миңи Англияда төрөлгөндөр (2006). Ошондой эле Улуу Британия, АКШ, Канада, Австралияда да жа­шашат. Ирланддардын көпчүлүгү англис, калгандары ирланд (гэль) тилинде сүйлөшөт. Католик ди­нин тутушат. Ирланддардын этностук негизин б. з. ч. 1- миң жылдыктын 2-жарымында Шотландиядан көчүп келишкен келт (гэль) уруулары түзгөн. Ирланддар 18–19-кылымдарда англичандардын оор колониялык эзүүсүнүн шартында улут болуп калыптанган. Англиялык бийлик ирланддардын эне тилинде сүйлө­шүнө тыюу салгандыктан, көбү англис тилине өткөн, бирок улуттук өз алдынчалыгын жогот­кон жок. 19-кылымдын аягында ирланд тили м-н маданиятын кайра жандандыруу үчүн аракеттер болуп, 1921-жылы ирланд тили англис тили м-н катар расмий тил катары таанылды. Ирланддар дыйкан­чылык, мал чарбачылык ж-а балыкчылык м-н кесиптенишип, дубалы таштан тургузулуп, ча­тыры камыштан төрт же эки кырлуу жабыл­ган үйлөрдө жашашат. Улуттук кийимдери – кызгылт-сары белдемчи (кильт), ачык түстүү, жакасы жок көйнөк, матадан тигилген баш кийим. Майрам күндөрү жашыл түстүү кийим­дерди кийишет. Тамак-ашы негизинен эт, дан, балык, сүт ж-а картөшкө азыктарынан даярда­лып, суусундук катары чай кеңири колдонулат. Ирланддар Самхейн (1-ноябрь – жыл башы), Лугназат (1-август – түшүм жыйноо) сыяктуу байыркы кельт майрамдарын майрамдашат.

Ш. Керимова.