ИРАК 2-бөлүк
ИРАК 2-бөлүк
аймактарында күрд тилинде жүргүзүлөт. Иракта алты университет (анын үчөө Багдадда, ошондой эле Басра, Мосул, Эрбиль шаарларында), институттар, коллеждер, тех. институттар бар. Аларда 70 миңдей студент билим алууда.
Багдаддагы Ирак музейи сейрек кездешүүчү археологиялык коллекциялары менен белгилүү. Музейге таандык ири китепканасы менен ал археологиялык, тарыхый изилдөөлөр жүргүзүлө турган илимий борбор болуп эсептелет. Байыркы араб музейи, көркөм сүрөт, этнография жана табият-тарых жана башка музейлери, бардык ири калааларында, айыл-кыштактарында китепканалар бар.
Иракта 2005-жылы араб, күрд жана башка тилдерде 100дөй мезгилдүү басылмалар чыккан, анын ичинен кеңири белгилүү борбордук гезиттер: өкмөттүк гезит – жумасына чыгуучу «Ас-Сабах», көз каранды эмес гезиттер – «Аз-затур», «Аль-Фурат» жана башкалар, ошондой эле партиялардын, жарандык саясий уюмдардын гезиттери жарык көрөт. 1959-жылы Ирак маалымат агенттиги негизделген. Радио уктурууну 50дөн ашык радиостанция (2005) араб, күрд, ассирия жана түркмөн тилдеринде жүргүзөт. Телекөрсөтүү иши 1956-жылы башталган. 2005-жылы 23 телекөрсөтүү станциясы иштеп, берүүлөр араб, фарсы, түркмөн, ассирия тилдеринде жүзөгө ашырылган. Спутниктик жана кабелдик телекөрсөтүү өнүгүүдө. Багдад шаары араб маданияты менен илиминин очогу жана Халифаттын борбору болгондуктан, орто кылымдагы араб маданияты тез өнүккөн (к. Араб маданияты). XIX–XX кылымдарда адабият негизинен поэзия (Абд аль-Мухсин аль-Казими, 1865–1935; Жемаль Сидки аз-Захави, 1863–1936 жана башкалар) жаатында өнүккөн.

1920–1930-жылдарда публицистика, анан көркөм проза (Махмуд Ахмед ас-Сайид, Зу-н- Нун Айюбдун аңгемелери, Сафар аль-Халилинин повесттери) пайда болгон. 1950-жылдардын ортосунда роман жанры калыптанат. Иракта ошондой эле күрд тилиндеги адабият да өнүгүүдө.
Ирак аймагына искусство неолитте пайда боло баштап, биздин заманга чейинки 4–1 миң жылдыктарда биринен сала бири Шумер, Аккад, Вавилония, Ассирия маданияты калыптанып, биздин заманга чейинки I кылымдан – биздин замандын III кылымынын башына чейин Парфиялыктардын көркөм маданий очоктору гүлдөсө, IV кылымдан VII кылымдын биринчи жарымына чейин Сасаниддер мезгилинде байыркы ирак маданияты Месопотамия искусствосу менен бирдикте өнүккөн.

Араб халифаты мезгилинде Ирак ислам искусствосунун маанилүү очокторунан болгон. Орто кылымдагы Ирак архитектурасына кумпалар, бийик порталдар, курулушта композициянын тактыгы, дубалга оюм-чийим салуу, кыш кыноо аркылуу кооздоо мүнөздүү. Багдад менен Түндүк Иракта китеп миниатюрасы (XII–XIII кылымдар) өнүккөн. Көркөм карапа, токуучулук, айнек жана металлдан кооз буюмдарды жасоо кеңири тараган. XX кылымдан заманбап архитектура менен көркөм сүрөт өнөрү өнүгө баштаган.
Ирактын музыкалык маданияты тегинде араб цивилизациясы менен тыгыз байланыштуу. Ирактын музыкалык маданияты өлкөнүн араб жана араб эмес калкынын салттарын бириктирет. Заманбап ирак музыкасы европалык музыканын үлгүлөрү менен айкалышкан. 2003-жылдан кийин көп музыкалык жамааттар ишмердигин токтоткон. Багдадда Улуттук симфниялык оркестр (1948-жылдан Багдад филармониялык оркестри, 1959-жылдан азыркы аталышында) иштейт. V–VI кылымдардан кыдырып оюн көрсөтүүчү актёрлор болгон. XX кылымдын 20-жылдарынын аяк ченинде алгачкы театр коллективдери, XX кылымдын ортосунда Багдадда профессионал труппалар пайда болгон. 1952-жылы биринчи улуттук театр – заманбап көркөм театр (1968-жылдан Улуттук театр) негизделген. Бир нече театр бар.
Кино өндүрүшү Иракта анчалык өнүккөн эмес, жылына бир гана толук метраждуу тасма коюлат. Көбүнесе египет, индия, америка, италян тасмаларын көрүшөт.
Ад.: Гореликов С. Г. Ирак. М., 1963; Путинцева Т. А. Тысяча и один год арабского театра. М., 1977; Страны и народы. Зарубежная Азия. Юго-Западная Азия. М., 1979; Герасимов О. Г. Ирак. М., 1984; Еолян И. Р. Традиционная музыка арабского Востока. М., 1990; Алексеева Н. Н. Современные ланшафты зарубежной Азии. М., 2000; Ковалев А. А. Месопотамия до Саргона Аккадского. Древнейшие этапы истории. М., 2002; Веймарн Б. В. Классическое искусство стран ислама. М., 2002; Глущенко Ю. Н. Иракская нефть: геополитика и будущее мирового нефтяного рынка. М., 2003; Камышанов В. Н. Ирак как зеркало процессов глобализации / Мир и согласие. 2003. № 4; Гуляев В. И. В стране первых цивилизаций: Ирак. М., 2006, Чуков Б. В. С веком наравне. История литературы в Иракском королевстве и Иракской республике. М., 2006; Ирак // Большая Российская энциклопедия. Т. 11. М., 2008.
Ө. Бараталиев, А. Кубатова.