ИПТАРОВ
ИПТАРОВ Сабыр (20. 11. 1956-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Мантыш айылы) – этнопедагог. КРдин Мамлекеттик туусунун (1992) ж-а Бишкек шаарынын гербинин (1998) авторлорунун бири.
КРдин маданиятка эмгек сиңирген ишмери (2010). КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1979). Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун аппаратында консультант, бөлүм башчы (1979–85), Кыргыз билим берүү институтунда илимий кызматкер, бөлүм башчы (1986–2003), Кыргыз билим берүү академиясынын мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, даярдоо ж-а кайра даярдоо борборунун директору (2003–08), инновациялык программаларды ж-а технологияларды интеграциялоо бөлүмүнүн башчысы (2008-жылдан). Ошол эле жерде этнопедагогика бөлүмүн (1996), Кыргызстандагы Америка университетинде кыргыз таануу багытын (2002) уюштуруучулардын, «Мектеп окуучуларына рухий-адептик билим берүү Концепциясын» (2003), «Жалпы орто билим берүүнүн алкактык улуттук сабак түзүмүн» (куррикулумун) (2008) түзүүгө катышкан ж-а «Адеп» (1–4- класстар), «Мурас» (5–7-класстар), «Адам таануу» (8-класс), «Үй-бүлө» (9-класс), «Эл таануу» (10-класс), «Маданият» (11-класс) окуу программаларынын авторлорунун бири. Кыргыз элинин этнопедагогика, этнолингвистика, этноэстетикалык маданиятына арналган 150дөн ашык эмгектердин, окуу китептердин автору. Эл аралык Айтматов клубунун (1989), «Руханият» ассоциациясынын вице-президенти (1992). «Манас-1000» медалы м-н сыйланган.
Эмг.: Көркөм маданият: түшүнүктөр жана терминдер. Ф., 1989; Кыргыз эл педагогикасы: изилдөөлөр, табылгалар. Ф., 1990; Кыргыз этнологиясына киришүү. Б., 2000; Адеп билими. Б., (авторлош, 2002); Руханият. Рух инсандары – эл куту. Б., 2006; Адеп. 9-кл. окуу китеби. Б., (авторлош, 2008); Этнолингвопедагогика. Б., 2010.