ИОНДОШТУРУУЧУ КАМЕРА
ИОНДОШТУРУУЧУ КА́МЕРА – заряддалган бөлүкчөнүн газды иондоштуруу аракетине негизделген детектор. Иондоштуруучу камера түрдүү нурлануунун изин түшүрүүдө ж-а изилдөөдө колдонулат. Ал газ толтурулган эки электроддуу (жалпак, сфера же цилиндр түрүндөгү) жылчыксыз идиштен турат. Электроддорго 100–1000 В турактуу чыңалуу берилет. Нурлануу болбосо, газдын каршылыгы жогорулайт да чынжырда ток пайда болбойт. Заряддалган бөлүкчө иондоштуруучу камера аркылуу өткөндө газдын атомдорун иондоштурат. Электр талаасынын таасиринен ион ж-а электрон электродго которулат ж-а иондоштуруучу камеранын чынжырынан электр тогу өтөт. Эгерде чыңалуу аз болсо, иондун ж-а электрондун көп бөлүгү аралашат да, чыңалуунун сызыктуу арбышы м-н ток көбөйөт. Кандайдыр бир U1 чыңалууда иондор м-н электрондор электродго өтөт да ток каныгат. Чыңалуунун андан ары көбөйүшү токту көбөйтпөйт. Ал турактуу бойдон калат ж-а нурлануу булагынын ургалдуулугу м-н аныкталат. U1>U2 болсо, токтун чоңдугу газдагы атом ионунун электрон м-н кагылышуусунан өсөт. Ток турактуу токтун күчөткүчтөрү аркылуу күчөтүлөт. Эгерде заряддалган бөлүкчөлөр иондоштуруучу камерага аз түшсө, анда ток үзгүлтүксүз акпастан, айрым кыймыл саны түрүндө агат. Иондоштуруучу камера дозиметрияда, ядролук ж-а космос техникасында колдонулат.