ИОНДОР
ИОНДОР (гр. ion – кыймылдуу) – атомдор же атом тобу электрондорун бергенде же кошуп алганда пайда болгон электр заряддуу бөлүкчөлөр. Бөлүкчөдөн электрондор бөлүнүп чыкканда талап кылынган энергия иондошуу потенциалы деп аталат. Кошуп алганда энергия бөлүнүп чыгат. Оң заряддуу, терс уюлга (катодго) тартылган иондор катиондор, терс заряддуу, оң уюлга (анодго) жылгандар аниондор деп аталат. Алар берген же кошуп алган электрондун санына жараша 1, 2 ж-а 3 заряддуу болушат. Ион зарядынын тыгыздыгы же иондук потенциал ион зарядынын иондук радиуска болгон катышы м-н аныкталат. Иондор бардык агрегаттык абалда (газ, суюктук, кристалл) өз алдынча бөлүкчө түрүндө жолугат. Бирдей химиялык курамдагы нейтралдуу бөлүкчөдөн иондор зарядынын белгиси, чоңдугу, сырткы электрон катмарынын түзүлүшү м-н айырмаланат. Электрондук конфигурациялар бирдей атом м-н иондордун катары изоэлектрондук катарлар деп аталат. Иондор атом, молекула, химиялык активдүү бөлүкчөлөр ж-а бири-бири м-н реакцияга кирет. Табигый шартта иондор космос ж-а күн нурларынын же электр зарядынын (чагылган) таасиринен абада пайда болот. Иондор тирүү организмдерде заттардын алмашуу процессинде чоң роль ойнойт.