ИОАНН ПАВЕЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИОА́НН ПА́ВЕЛ II, К а р о л ь Ю з е ф В о й­ т ы л а (18. 5. 1920, Польша, Вадовище шаары– 2. 4. 2005, Рим) – 264-шайланган Рим папасы (1978–2005), саясий ж-а коомдук ишмер. 1958-жылы Краков епископу, 1964-жылы архиепископу ж-а митрополити. 1967-жылы кардинал наамын алган. 1523-жылдан бери италян эмес улуттан Рим па­пасы болгон биринчи киши. Марцин Вадовите атындагы гимназияны бүткөндөн (1938) кийин, Кра­ков шаарындагы Ягелон университетинин философия факультетине тапшырган. 2-дүйнөлүк согушта Польшаны не­мистер басып алганда университет жабылып калган. Ал жашырын иштеген Рапсодия театрын уюш-

Файл:ИОАНН ПАВЕЛ57.png

туруунун демилгечилеринен, актёр ж-а режиссёр, ошондой эле шахтада, «Солвей» концер­нинин химиялык өндүрүштүк ме­кемесинде жумушчу болуп иштеп, дин семинариясына катышып турган. Кийин Рим, Швейцария ж-а Бель­гия университеттеринин философия факультетинде окуган. 1948-жылы өз мекенине кайтып келип, Краков, Католикалык университеттеринде иштеп, тео­логия илимдеринин доктору наамына ээ болгон. Фи­лософия ж-а теология илимдери боюнча көптөгөн эмгектердин автору. Ал ар түрдүү диндеги мам­лекеттердин тынчтыкта жанаша жашоосуна, дүйнөлүк диндердин ж-а алардын тармактары­нын өз ара жакындашуусуна зор салым кош­кон. Рим папаларынын арасынан биринчи бо­луп чиркөөлөргө ж-а мечиттерге расмий жолу­гушууларга барган.