ИНЧХОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНЧХО́Н , Ч е м у л ь п о – Корей Республикасындагы шаар. 1981-жылдан борборго баш иет. Статусу боюнча провинцияга теңдеш. Корей жарым аралынын батыш жээгинде жайгашкан. Калкы 3,0 млн (2024); калкынын саны боюнча өлкөдөгү Сеул м-н Пусан­дан кийинки 3-шаар. Түштүк Кореядагы маанилүү жол тоому. Сеулдун деңиз аванпорту. Өлкөдөгү Пусандан кийинки 2-порт (2003-жылы 131,0 млн т жүк ташылган), автомобилдер (жылына 300 миңден ашык) экспорттолот. Деңиз парому ар­кылуу кытай, корей порттору ж-а жакын жай-

Файл:ИНЧХОН59.png
Шаардын жана порттун көрүнүшү.

гашкан аралдар м-н байланышат. Өлкөнүн эң ири эл аралык аэропорту. Метрополитен иштейт. Инчхон 5-кылымдан Мичухол деген ат м-н белгилүү. 1413- жылдан азыркы атында. 1904-ж. Инчхон гаванында орус крейсери «Варяг» ж-а «Кореец» канонера кайыгы м-н япон эскадрасынын ортосунда сал­гылашуу болгон. Неоготика стилиндеги Дап-Дон католик чиркөөсү (1894–97), Ыйык Павел пра­вославие храмы, эстеликтер, кытай кварталы (Чайна-таун, 19-кылым), аскер чептеринин калдык­тары (13- ж-а 17-кылымдардын ортосу) ж. б. сакталган. Университеттер, музейлер [анын ичинде шаар (4 миңден ашык искусство буюмдары), карапа ж. б.] бар. Машина куруу (анын ичинде кеме), кара металлургия, нефть ажы­ратуу, химия, электр-техника, электроника, текстиль, жыгаччылык, тамак-аш (балык беленделет) өнөр жайы, такта айнек ж-а карапа өндүрүшү иштейт. Эл аралык соода ж-а туризм өнүгүүдө.