ИНФРАҮН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИНФРАҮН (лат. infra – төмөн, астында) – адам кулагына угулбаган төмөнкү жыштыктагы (16 Гцтен аз) серпилгичтүү толкундар. Чоң амплитудалуу инфраүн кулакты оорутат. Инфраүн деңиз толкунунун шарпылдашынын ж-а атмосфера чуусунун курамына кирет. Инфраүн булагы – атмосфера м-н шамалдын турбуленттүүлүгү (баш аламан, куюн түрүндө), чагылган разряды, жарылуу, атылуу, жер алдындагы силкинүү ж. б. түрдүү чөйрөдө начар жутулгандыктан, инфраүн алыска тарайт. Бул касиети алыстагы күчтүү жарылуу, атылуу ж. б. кубулуштар болгон жердин аралыгын аныктоого мүмкүндүк берет. Инфраүн м-н атмосферанын жогорку катмары ж-а деңиз тереңи изилденет. Инфраүн микрофон, гидрофон, геофондордун жардамы м-н кабыл алынат.