ИНФОРМАТИКА
ИНФОРМА́ТИКА – компьютер м-н байланышкан колдонмо илим тармагы; илимий маалыматтын түзүлүшүн ж-а жалпы касиеттерин, ошондой эле аны жыйноого, сактоого, издөөгө, кайра иштеп чыгууга, өзгөртүүгө, таратууга ж-а адам баласынын ар түрдүү иш-аракетинде колдонууга байланыштуу маселелерди изилдейт; компьютер ж-а анын программалары м-н тармактарын иштеп чыгуу, пайдалануу ыкмаларын карайт. Информатика илими 1960-жылы классикалык математикалык ыкмалардын жардамы м-н чечилбөөчү чоң көлөмдөгү колдонмо татаал маселелердин (космостук изилдөөлөр, ядро куралдарын иштеп чыгуу, түрдүү чалгындоо маалыматтары) пайда болушу м-н калыптана баштаган. Илимий документ ж-а маалыматты жыйноо, иштетүү, сактоо, издөө ж-а таратуу боюнча иштер китепкана таануу, библиография илиминде иштелип келген. Аларды бир илимий тармакка бириктирүү ж-а ал тармакты өнүктүрүү боюнча маанилүү иш жасалып, информатика боюнча жалпы теория түзүлгөн. Алгачкы маалыматтар – символдор, сигналдар, сүрөттөлүш, тексттер ж. б. информатиканын объектилери болуп эсептелет. Информатика теориясынын илимий коммуникация, илимий маалыматты издөө, таратуу, пайдалануу ж. б. бөлүмдөрү бар. Информатика теориясы илимий маалыматтын ыкмасын, мазмунун, түзүлүшүн ж-а касиеттерин изилдейт, маалымат түзүүнүн жалпы закон ченемин аныктайт. Информатиканы колдонуудагы негизги максат – маалымат таратуунун бир илимдин ичинде, ошондой эле, илим м-н өндүрүштүн ортосунда жалпы илимий коммуникацияны аныктоонун пайдалуу ыкмалары м-н каражаттарын иштеп чыгуу. Бул үчүн кибернетика, маалыматтын математикалык теориясы, математикалык логика, семиотика, лингвистика, психология, китеп таануу, библиография, архив жүргүзүү, илим таануу ж-а техникалык илимдердин айрым ыкмалары колдонулат. Информатика жалпы илимий категория катары маалымат (информация) жөнүндөгү окуу аркылуу философия м-н байланыштуу. Илимий маалымат алынган ж-а пайдаланылган тармагы боюнча биологиялык, саясий, техникалык, химиялык, экономикалык ж. б. болуп, ал эми арналышына жараша жалпы, атайын ж. б. деп бөлүнөт. Илимий маалыматты түзүү, берүү ж-а алуу ишинин жыйындысы илимий коммуникация деп аталат.