ИНТРОВЕРСИЯ ЖАНА ЭСТРАВЕРСИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИНТРОВЕРСИЯ ЖАНА ЭСТРАВЕРСИЯ (лат. intro – ичкери, extra – сырткары, versio – айлануу, кайрылуу) – инсандын түнт же ачык-айрым, пассивдүү же активдүү сыяктуу психологиялык тибин мүнөздөө үчүн колдонулуучу түшүнүктөр. Бул терминдер К. Г. Юнг тарабынан киргизилген. Ал «Психологиялык типтер» аттуу эмгегинде (1921, орусча котормосу 1995) карама-каршы типтеги эки инсандын мүнөзүн сүрөттөп жазган.