ИНТРИГА
ИНТРИ́ГА (фр. interige, лат. intricо) – 1) кайсы бир максатка жетүү үчүн тымызын жасалган аракеттер. Интрига – бийлик ж-а таасир үчүн күрөштүн эң байыркы, салттуу ыкмаларынын бири, «саясат жасоонун» элитардык ыкмасы. Интрига кимге багытталганына карай төмөнкүдөй бөлүнөт: 1) персоналдуу, бир саясий ишмерге каршы багытталган; аны бийликтен четтетүү; саясий дискредитациялоо; 2) айрым ишмерлерди эмес, өлчөмүнө карабай тигил же бул топту физикалык же символдук четтетүү ж-а компрометациялоо максаты. Интригалуулуктан качуунун каражаты – саясий турмуштун толук демократташтырылышы, кеңири маалымдуулук, жарандык коом чегинде социалдык көзөмөлдүн атайын куралдарын түзүү; 2) фабула, сюжетти түзүүнүн ыкмасы; каармандардын кызыкчылыктарынын айкалышуусунун ж-а кагылышуусунун натыйжасында түзүлгөн абалдын өзгөчөлүгүнөн келип чыккан аракеттердин динамикалык өнүгүүсүн камсыз кылуучу ыңгай, алардын катышынын жардамы м-н окуялардын өнүгүү схемасы; 3) сейрек кездешүүчү сүйүү мамилелери, сүйүү байланышы.